Оштун вице-мэри Кадыров кызматын тапшырып, Японияга окууга кетмей болду

36 жаштагы Кадыров вице-мэрлик кызматка 2016-жылы дайындалып, мэриянын социалдык блогун тескеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров Японияга билим алууга кетип жаткандыгына байланыштуу кызматын тапшырды. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Дастан Догоев Гарвард университетинде кайсы каражатка окуй турганын түшүндүрдү

Маалыматка ылайык, ал Японияга Japanese Development Scholarship программасынын алкагында эки жылдык окууга кетип жаткандыгы үчүн окуу өргүүсүнө чыккан. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон.

Нурбек Кадыров вице-мэрлик кызматка 2016-жылы дайындалып, мэриянын социалдык блогун тескеп келген. 2015-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон.