БИШКЕК, 1-июл — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда абалы оор эместерди ооруканага келбей эле коюусун өтүндү.
Каратаев буга чейин расмий түрдө эгерде Тез жардам унаасы кармалса, жеке унаасы менен стационарга келген бейтапты дарыгерлер кабыл аларын айткан.
"Эгер мүмкүнчүлүк болсо, медиктердин барышын күтпөй эле өз унааңар менен келе бергиле. Бирок бул жерде абалы орточо же туруктуулар деле стационарга баргысы келиши мүмкүн. Туура түшүнүңүздөр, абалы өтө оорлор дагы бар. Бөтөнчө Бишкек жана Ош шаарларында бейтаптардын арасында оорусу жеңил өтүп жатса же симптомдору байкалбаса, медицина кызматкерлеринен консультация алуу менен үйдөн дарыланса болот", — деген Каратаев.
Каратаев: соңку учурлар элди сестентип, жоопкерчиликти сездиртип жатат
Кыргызстанда жалпы коронавирус жуктургандардын саны 5 735ке жетип, анын 2 443ү айыкты. Тилекке каршы, 62 адам каза тапты.