Бишкекте эки менчик лаборатория ПЦР-тест ала баштады. Дареги жана баасы

Кыргызстанда өткөн суткада 439 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, жалпы статистика 5 735ке жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Борбор калаада эки жеке менчик лаборатория коронавируска ПЦР-тест ала баштады. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Ага ылайык, Auqalab жана “Экспресс плюс” лабораторияларына барып ПЦР жана ИФА (иммуноферменттик анализ) тест алууга уруксат берилди. Анын баасы 1600 сомду түзөт.

“Расмий түрдө айтам, ушул лабораторияларга барып анализ тапшырсаңар болот. Бул арзан, буга чейин “Бонецкий” лабораториясында 2000 сомдон ашып кеткен”, — деди Каратаев.

Бишкектин Тез жардам кызматына эки жыл токтоп турган 15 унаа кошулду. Сүрөт

Белгилей кетсек, Кыргызстанда өткөн суткада 439 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, жалпы статистика 5 735ке жетти. Анын ичинен 2 443 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 62 адам каза тапты.