"Во весь голос" долбоору башталды. Ага кыргызстандык балдар да катыша алат

"Во весь голос" деп аталган эл аралык музыкалык телевизиондук коңкурска дүйнөнүн он өлкөсүнөн таланттуу өспүрүмдөр катыша алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстандыктар "Во весь голос" эл аралык музыкалык телевизиондук конкурсуна катыша алары туурасында Бишкектеги Россиянын Илим жана маданият борборунун Facebook баракчасында маалымдалат.

"Кастингге 12 жаштан 17 жашка чейинки таланттуу вокалисттер барса болот. Бардык каалоочулардын колунда аталган долбоордо өлкөнүн атын алып чыгуучу команданын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү бар", — деп жазылат билдирүүдө.

Путин ыраазы болду! Кремлде жылдызы жанган 5 өнөрпоздун баяны

Катышуу үчүн 31-июлга чейин vovesgolos.tv сайтына билдирүү калтыруу абзел. Аталган сынак Россиянын Президенттик гранттар фондунун жана Россотрудничествонун колдоосу менен өткөрүлүүдө.

"Во весь голос" — бул дүйнөнүн он өлкөсүнөн 12ден 17 жашка чейинки таланттуу өспүрүмдөрү катышкан эл аралык музыкалык телевизиондук конкурс.