Бүгүн 439 кишиден COVID чыкты. Соңку маалымат

Коронавирус жуктургандардын саны кескин көбөйүүдө. Ушуну менен өлкө аймагында вирус илештирип алгандардын жалпы саны 5 735ке жетти.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 439 кишиден коронавирус аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 195;
  • Чүй облусу - 175;
  • Ош шаары - 5;
  • Ош облусу - 5;
  • Нарын облусу - 10;
  • Жалал-Абад облусу - 24;
  • Талас облусу - 12;
  • Баткен облусу - 13.

Ушуну менен вирус илештирип алгандардын жалпы саны 5 735ке жетти.