Бишкекте таксист мотоциклчен кишини коюп, андан соң түркүктү сүздү. Сүрөт

Кырсыктын айынан үч троллейбустук каттам токтотулган. Окуянын себеби териштирилип жатат. Ал жакка Тез жардам кызматы чакырылган-чакырылбаганы да белгисиз.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкекте таксист мотоцикл менен бараткан кишини коюп, андан кийин троллейбус түркүгүн сүзүп кеткенин Sputnik агенттигине Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан кабарлашты.

Жол кырсыгы бүгүн, 1-июлда, болжол менен саат 06:00дө Чыңгыз Айтматов проспекти менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Мэриянын билдиришинче, кырсыктын айынан № 5, 11 жана 14 троллейбустардын кыймылы убактылуу токтотулду. Линиялар калыбына келтирилгени менен түркүк жолдон алына элек.

"Манаска" кеткен жолдо автокырсыктан көз жумган эки велосипедчинин аты аталды

Окуянын себеби териштирилип жатат. Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылган-чакырылбаганы да белгисиз.