БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкекте такси кызматы иш күндөрү кадимкидей эле иштеп, дем алыш күндөрү жумушка чыкпайт. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
"Иш күндөрү такси кызматтарына убакыт жагынан чектөө жок. Бирок санитардык талаптар так сакталышы зарыл. Ал эми ишемби жана жекшембиде иштебейт", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин коомдук транспорттордун ишине чектөөлөр киргизилген. Алар иш күндөрү эртең менен саат 07.00дөн 10.00гө чейин жана кечки 17.00дөн 21.00гө чейин иштейт. Ортодо жети саат тыным алат. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү такыр каттабайт.
Эртеңден тарта Бишкек катаал карантиндик режимге өтөт. Чектөөлөрдүн тизмеси