Сауд Аравиясынан 121 кыргызстандык мекенине келди

Алардын баары мурда кабыл алынган тартипке ылайык, тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин жардамы менен Сауд Аравиясынан 121 кыргызстандык мекенине алып келинди. Алар "Даммам — Бишкек" маршруту боюнча Flynas авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келгенин Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү ошол өлкөнүн окуу жайларынан билим алып жаткан студенттер.

Кайтып келгендердин баары мурда кабыл алынган тартипке ылайык тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Кувейттен 102 кыргызстандык алып келинди

Бул каттам менен, мындан сырткары, Сауд Аравиясынан Казакстандын 39 жараны да алып келинип, "Манас" аэропортунан атайын транспорт менен Казакстанга сапар алышты.

Чет өлкөлөрдө калган Кыргызстандын жарандарын жана мекенине келүүнү каалагандарды алып келүү иштери улантылып жатат.