Эки күндө 26 кыргызстандык пневмониядан айыга албай көз жумду

Расмий маалымат боюнча, коронавируска кабылгандарга караганда пневмония менен ооруп көз жумган адамдардын саны көп катталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстанда март айынан бери өпкөнү сезгенткен пневмония оорусунан 80 адам каза болду. Бул туурасында Салматтык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга билдирди.

29-июнда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов эпидемиологиялык процесс (март айы) башталгандан бери өлкөдө 54 адам пневмониядан көз жумганын айткан. Алардын 48и Бишкектеги ооруканалардан үзүлгөн. Ошондой эле министр мындай илдет менен жабыркагандар июнь айынын орто ченинен тарта көбөйгөнүн маалымдаган.

Министрлик: жеке унаа менен оор абалдагыларды гана алып келиңиздер!

Министрликтин статистикасы боюнча, соңку эки күндүн ичинде эле 26 бейтап каза болду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек менен Чүйдө. Өткөн сутканын ичинде эле Бишкекте жана "Гансиде" уюштурулган ооруканада 13 бейтап пневмониянын кесепетинен өмүрү менен кош айтышканы айтылат.

Март айынан бери пневмония оорусуна чалдыккан 1 765 адам ооруканага түшүп, учурда 594ү айыгып чыкты. Стационарларда 1 091 бейтап дарыланууда, анын ичинен 252си оор абалда, 83ү реанимацияда жатат.

Улуттук госпиталдын алдынан эки бейтап каза болду. Буга чейин видеосу тараган

Ал эми COVID-19 жугузуп алган 750 бейтап ооруканада дарыланууда. Анын ичинен 98и оор абалда, 23ү жандандыруу бөлүмүндө экени белгилүү болду.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 5 735ке жетип, анын 2 443ү айыкты. Тилекке каршы, 62 адам каза тапты.