БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы 118 кызматынын колл-борбору №2 орто мектептин имаратына көчүрүлдү. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган кызмат ага тартылган операторлордун саны көбөйгөнүнө байланыштуу көчүрүлгөн. Учурда 40 клиникалык ординатор, ыктыярчы медик күнү-түнү телефон чалууларга жооп берип жатат. Алар КР Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритми боюнча кеңеш беришет.
Ошону менен бирге мэрия Саламаттык сактоо министрлигинин 28-июндагы буйругуна ылайык, мобилдик бригадалар чалуу түшкөн үйгө барып ПЦР-тест албай турган болгону айтылат. Алар бейтаптын абалын текшерип алгачкы диагнозун аныктайт.
Бишкекте эки менчик лаборатория ПЦР-тест ала баштады. Дареги жана баасы
Мындан сырткары, жарандар үй-бүлөлүк медицина борборлоруна дагы кайрылып, күнү-түнү кеңеш ала алышат.
Ленин району
№1 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору (БИМБ)
Айнура Бердалиева — 0(312) 643711, 0 (550) 028828;
Октябрь району
№6 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору
Динара Бердалиева — 0(312)571094; 0(312)571093 0(558)101091 жана WhatsApp номери 0(990)888036;
№15 Үй-бүлөлүк медицина борбору
Жыпар Шаршенбиева — 0(312)426961, 0(550)201848 жана WhatsApp номери 0(990)888015
№18 Үй-бүлөлүк медицина борбору
Тилек Жантайбеков — 0(312)565027, 0(558)535553 жана WhatsApp номери 0(990)888035;
№19 Үй-бүлөлүк медицина борбору
Нургүл Сарыгулова — 0(312)570671, 0(709)655540 жана WhatsApp номери 0(990)888019.
Биринчи Май району
№7 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору 0 (312) 662013 жана WhatsApp номери 0(551) 001207.
Свердлов району
№5 Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору
Памир Муратов — 0(312) 635120, 0(312) 635114, 0 (701) 103002 жана WhatsApp номери 0(707) 909203.
№4 Үй-бүлөлүк медицина борбору
Вера Асеева 0(312) 434011 (саат 8.00дөн 18.00гө чейин), 0 (701) 103001;
№8 Үй-бүлөлүк медицина борбору
Анара Шакеева — 0(312) 433902 (саат 8.00дөн 18.00гө чейин), 0(701) 103003;
№9 Үй-бүлөлүк медицина борбору
Алым Мырзаев — 0 (312) 369604 (саат 8.00дөн 18.00гө чейин) жана 0(701) 103004;
№10 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору
Нурлан Абасканов — 0(312) 387646 (саат 8.00дөн 18.00гө чейин), 0(701) 103007.
"Апам уктап калды, эртең келгиле": мобилдик бригаданы тушаган бишкектик кыйындар