БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, ушундай мезгилде өзүнүн тажрыйбасын көрсөтүүгө чакырды.
Боронов башында турган жаңы өкмөттүн мүчөлөрү парламентте ант берди
Мамлекет башчы бүгүн парламентте өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүнө катышты. Андан соң трибунага чыгып, жаңыдан ишке киришкен аткаминерлерге кайрылуу жасады.
“Бүгүн кыргыз элине, кыргыз мамлекетине ак ниетиңер менен жан үрөп иштеп берем деп ант бердиңер. Силер оор кырдаалда, өтө жооптуу мезгилде кызматка киришип жатасыңар. Жүктөлгөн милдеттерди бийик абийир, жогорку жоопкерчилик менен аткарып, кырдаалды тез арада оңдой турган антикризистик өкмөт болосуңар деп ишенебиз. Кимдин ким экени, унчукпай кылып жаткан иши да, курулай, карандай гана сөзү да ушундай мезгилде билинет. Силердин ишиңер элибиз тарабынан кыска эле мезгилде сыналат”, — деди Жээнбеков.
Ошондой эле президент өкмөт мүчөлөрүнө "берген антыңарга бекем туруп, өлкө үчүн бардык күч-аракетиңерди жумшайсыңар" деп үмүт артты.