Ош: Манас-Ата кичи районуна аллея курулуп, көчөлөрү оңдолот

Мэр шаарды иретке келтирүү үчүн мыйзамсыз салынган курулуштарды алып салуу тапшырмасын бергени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ош шаарынын Манас-Ата кичи районуна аллея курулуп, көчөлөрү оңдолот. Бул тууралуу мэр Таалайбек Сарыбашов аталган аймактагы Салиева көчөсүн текшерип чыккандан кийин билдирди.

Шаар башчысы аталган көчөдөгү мыйзамсыз салынган жана ички көчөлөргө чыгып кеткен курулуштарды алып салуу тапшырмасын бергени айтылат.

"Манас-Ата" кичи районуна көңүл бурулат. Көчөлөрүн кеңейтип, адамдардын эс алуусу үчүн аллея куруп беребиз. Бул үчүн мыйзамсыз курулуштарды түрттүрөбүз. Ал эми жаңыдан курулуп жаткан спорт комплекс жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет", — деди мэр.

Белгилей кетсек, ушул эле районго Иран өлкөсүнүн каржылык колдоосу менен заманбап спорт комплекси курулган. Анын ичинде волейбол, баскетбол, бокс, күрөш, теннис оюндары өтүүчү залдар болот. Көрүүчүлөр үчүн да 200дөй орундук коюлуп, спорттук мелдештердин өтүүсүнө шарт түзүлөт.

Оштун жака белиндеги Кең-Сай конушу өзгөчө шаарчага айланат. Эскиз