БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстанда зарыл дары каражаттары жетиштүү экендигин саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, борбор калаада жана ага жакын аймактарда препараттар жетишсиз деп айткандар болууда жана дүрбөлөңгө түшкөндөр дагы байкалып жатат.
"Бул чындыкка дал келбейт, керектүү делген дары-дармектер жетиштүү санда. Препарат жеткирүүчүлөр дагы алардын запасы бар экендигин айтышты. Эч кандай дүрбөлөңгө түшүп, тынчсыздануулар болбошу керек. Эртең калбай калат деп кечке ойлонуунун кажети жок. Бирок сатып алып койсо болот", — деди Каратаев.
Кыргызстанда бир сутка ичинде 76 адам коронавирустан айыгып чыкты
Ал премьер-министр дары каражаттарынын баасын бир калыпта кармап туруу тапшырмасын бергенин белгиледи.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусту 5 296 адам жуктуруп, анын 2 370и айыкты. Тилекке каршы, 57 адам каза тапты.