Өлкөдө вирусологиялык изилдөө жаатында кадр жетишпейт. Алсак, республика боюнча 28 кызматкер вирусологиялык изилдөө жүргүзүп жатат. Мындан улам жардамга студенттерди тартуудабыз. Бирок алар лабораториялык сыноолорго киргизилбейт. Бул тууралуу Айгүл Жумаканова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республика боюнча коронавирусту аныктаган жаңы 10 ПЦР-лаборатория ачуу сунушталды.
"Өлкөдө вирусту аныктоо жаатында кадр маселеси абдан курч. Учурда республика боюнча жалпы вирусологиялык изилдөөлөргө тартылган 28 кызматкер иштеп жатат. Алар тынымсыз иштеп жатканына байланыштуу эки-экиден бригадага бөлүнүшкөн. Мындан улам студенттер ишке тартылууда. Бирок вирусологиялык билим алып, окуусун аяктай электер изилдөө иштерине киргизилбейт. Лабораторияларда маалыматтык базалар бар. Күнүнө 4-5 миңдин тегерегинде анализдер изилденүүдө. Ошончо адамдын аты-жөнү, туулган жылы, айы, жашаган жери жана башка маалыматтар топтолуп, маалыматтык базага киргизилет. Мына ушул иштерге, анан анализ алганга студенттер тартылууда", — деди Жумаканова.
Ошондой эле ал өлкөдө үч вирусологиялык лаборатория бар экендигин, абалга байланыштуу кошумча лабораторияларды тартууга муктаждык жаралганын кошумчалады.