Асрандиевден COVID аныкталып, дагы төрт министр обочолонду

Вице-премьердин оорусу жеңил формада болуп, тийиштүү дарылануудан өтүп жатканы жана өзүн жакшы сезип калганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Вице-премьер Эркин Асрандиевден коронавирус аныкталды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Учурда Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантып жатканы айтылат.

“Оорусу жеңил формада өтүүдө. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат жана өзүн жакшы сезип калды”, — деп айтылат маалыматта.

Атамбаев эки тараптуу пневмония болуп, ооруканага жаткырылды

Ошондой эле өкмөттүн аппарат жетекчиси Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен байланышта болгондуктан обочолонуп иш алып барууда.

Буга байланыштуу аталган кызматкерлер бүгүн өкмөт мүчөлөрүнүн Жогорку Кеңеште ант берүү аземине катыша албайт.