БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Триатлон боюнча федерациясы Facebook баракчасына атактуу спортчулар Евгений Требунский менен Илья Сидоровдун автокырсыктан каза тапканын жазды.
Кырсык бүгүн саат 10.00дөр чамасында "Манас" аэропортуна кеткен трассада катталган. Милиция эки кишини сүзүп кеткен 39 жаштагы айдоочуну кармаган.
Камышановка айылынын Т.Ж. аттуу 39 жаштагы тургуну Audi C4 машинасы менен түштүк тарапты көздөй келе жатып Бишкектин эки тургунун коюп кеткен. Алар 46 жаштагы С.И. жана 44 жаштагы Т.Е. аттуу жарандар болгон. Велосипедчендер дагы шаарды көздөй келе жаткан. Алардын бири ошол жерден жан берсе, экинчиси ооруканага жетпей көз жумган.
"Эки спортчу тең мурда велоспорт менен профессионалдуу түрдө машыгып келген. СССР учурунда, кийин Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да көп сыйлыктарга татыган. Илья Сидоров — СССРдин спорт чебери, Евгений Требунский – Кыргызстандын спорт чебери эле", — деп жазылган маалыматта.
Требунский Кыргызстандын Триатлон боюнча федерациясынын түптөлүшүнө катышкан. Сидоров Федерация мүчөсү болуп, Indoor Triathlon мелдештерине катышып келген.
Евгений Требунский атактуу спорту Александр Требунскийдин атасы болгон.