Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады

Финансы министрлиги донорлордон келүүчү каражаттар белгилүү бир убакытты талап кыларын (ратификация), ошондуктан февраль айынан бери COVIDге каршы күрөшүүдө негизги чыгашаны республикалык бюджет тартып жатканын билдирет.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Финансы министрлиги пандемия башталгандан бери COVID-19га каршы күрөшүүдө жумшалган акча боюнча маалыматтарды жарыялады.

Материалда республикалык бюджеттин жана донорлордон келген каражаттын чыгашасы боюнча да маалыматтар камтылган.

Бюджет тартыштыгы беш айда бир жылга пландалган көлөмдөн ашып кетти

Донордук жардам бюджетти колдоо, коронавирустун жайылып кетишин токтотуу жана экономиканы колдоо (бул блок боюнча отчёт кийинчерээк жарыяланат) болуп үч багыт боюнча көрсөтүлөрү белгиленген.

Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады

Бюджетти колдоо үчүн 408,1 миллион доллар жардам алуу пландалган болсо, анын 291 миллиону келип түшкөн (25 миллион доллары — грант).

Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады

Финансы министрлиги Эл аралык валюта фондунан (ЭВФ) келген 120,8 миллион доллар өлчөмүндөгү биринчи транш кайсыл жактарга сарпталганын түшүндүрөт. Каражаттын көпчүлүк бөлүгү маяна, жөлөк пул төлөөгө, ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун трансферттерине сарпталган.

Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады

Мындан сырткары, Азия өнүгүү банкынан алынган 50 миллион доллар (жарымы грант) каражаттын кайда жумшалганы боюнча айтылган. Анын көпчүлүк бөлүгү менен айлык акы төлөнгөн.

Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады

Кийинки блок — коронавирустун кеңири жайылып кетүүсүнүн алдын алууга жумшалган каражат. Мурда пландалган 56,1 миллион доллардын 4,8 миллиону келип түшкөн. Ал акча дары-дармек, медициналык жабдуу, тез жардам унааларын сатып алууга сарпталган. Мындан сырткары, 12 миллион доллар кандай максатта пайдаланылары, калган каражаттар качан келип түшөрү маалымдалат.

Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады

Кийинки сүрөт менен министрлик COVIDге каршы күрөшүүдө каражаттар кандай максатта чыгымдаларын түшүндүрөт. Ар бир донордун акчасы кайда жумшалары ачык бөлүштүрүлгөнү боюнча маалымат берилет. Бийлик алды менен тесттерди, медициналык жабдыктарды, тез жардам унаасын сатып алууну жана 8 оорукананы коронавирус менен ооругандарды кабыл алууга ыңгайлаштырууну пландап жатат.

Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады

Финансы министрлиги донорлордон келүүчү каражаттар белгилүү бир убакытты талап кыларын (ратификация), ошондуктан февраль айынан бери COVIDге каршы күрөшүүдө негизги чыгашаны республикалык бюджет тартып жатканын билдирет.

Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады

Бюджеттен 1,8 миллиард сом сарпталган, дагы 2 миллиард сом кароо пландалууда.

Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады

Министрлик бул 2 миллиард сом кайда сарпталарын түшүндүрөт.

Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады

Акыркы сүрөт менен Финансы министрлиги 1,8 миллиард сом кандайча чыгымдалганын, каражаттар кайсы мамлекеттик органдарга которулганын билдирген.

Кыргызстан пандемия учурунда сырттан алган каражатты кандай сарптады