COVID-19: Россияда сыноо үчүн вакцина сайдыргандардын абалы айтылды

Экспериментке катышкандар COVID-19га каршы иммунитетин текшертип, кандын клиникалык жана биохимиялык анализин жасатат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Дарыгерлер өз каалоосу менен COVID-19га каршы Россиядан чыккан вакцинаны сайдыргандардан кандайдыр бир терс көрүнүштөрдү жана өзгөрүүлөрдү байкаган эмес. Бул тууралуу "Красная звезда" гезити жазып чыкты.

"Биз COVID-19 инфекциясына каршы вакцина алган биринчи жана экинчи топту маал-маалы менен медициналык кароодон өткөрүп турабыз. Алар өзүн жакшы сезип, эч нерсеге арызданышкан жок. Дене табы, кан басымы, тамырынын кагышы, дем алуусу өз жайында. Вакцина сайылгандан кийин кандайдыр бир жагымсыз көрүнүштөр байкалган жок", — деди Бурденко атындагы госпиталдын анестезиолог-реаниматологу Олег Чихляев.

Россия COVID-19га каршы вакцинаны кантип сынап жатат. Ыктыярчылар тартылган видео

Анын айтымында, каалоочулардан эми кандын жалпы клиникалык жана биохимиялык анализи алынат. Муну менен катар коронавируска каршы иммунитети текшерилет.

Эксперименттин эки катышуучусу аталган басылмага вакцина алгандан кийинки абалы өзгөрбөгөнүн айткан.

Россия COVID-19га каршы дары жана тесттерди дүйнөлүк рынокко алып чыгууга даяр

Каалоочулардын биринчи тобу вакцинаны 18-июнда алган. Тогуз ыктыярчы вакцинанын бир компоненти, калган тогузуна — экинчи компоненти сайылган. Арадан беш күн өткөндөн кийин вакцина дагы 20 катышуучуга жасалган. Бул топко үч жумадан кийин көрсөтмө боюнча вакцинанын экинчи топтому — күчөтүлгөн нускасы жасалат.

Клиникалык иликтөөнү июлдун акырына чейин аяктоо болжолдонууда.