БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ош шаардык милициясы "Тилемчи" аталышындагы профилактикалык рейд өткөрүп, бир күндө жол боюнда кайыр сурап жүргөн 20 адамды кармады. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Бул иш-чаранын негизги максаты коронавирус илдетин алдын алуу жана укук бузууларга жол бербөө болуп саналары айтылат.
"Борбордук көчөлөрдө тилемчилик менен алектенгендер туристтерге дагы жагымсыз таасир калтырууда. Рейддин жүрүшүндө айрым жарандар муктаждыгынан улам ушундай ишке барууга аргасыз болсо, кээ бирлери акча табуунун жолу катары салтка айландырып алганы белгилүү болду. Мындай адамдар жол боюна чыгып алып транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып, жаш балдардын укугун бузуп, тилемчилик менен күн көрүүгө түртүп жатышат", — деп айтылат маалыматта.
Ош: тилемчилик кылып жүргөн балдардын ата-энеси аныкталды
Рейддин биринчи күнү милиция кызматкерлери жол боюнда отурган 20 тилемчини кармаган. Анын ичинен чындап жардамга муктаж болгон төрт адам боорукердик үйүнө, төрт жаш бала балдар үйүнө өткөрүп берилген. Калган жарандарга эскертүү берилди.
Бул багыттагы иш-чаралар дагы улана турганы айтылды.