Кыргызстанда 1145 адам пневмония менен жабыркап, 54ү каза болду

Статистикага ылайык, өпкөнү сезгенткен ооруга чалдыккандардын дээрлик 90 пайызы борбор калаада катталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстанда март айынан бери пневмония менен жабыркаган 54 адам каза болду. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 1 145 адам пневмония менен ооруп калганы катталган. Бүгүнкү күндө анын ичинен 564 бейтап айыгып чыкса, дагы 525 киши ооруканада дарыланып жатат. Анын ичинен 407си Бишкекте, 117си башка аймактарда. Каза тапкан 54 адамдын 48и борбор калаада катталган.

Аны менен катар министр Бишкекте коронавирустун белгилери жок, бирок пневмония менен жабыркаган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 761 койка уюштурулганын билдирди.

Пневмония менен кайрылгандарды кабыл алуунун алгоритми өзгөрдү

Коронавирус Кыргызстан пневмония дарылоо оорукана