Коронавирус илештирген дагы үч бейтап каза болду

Вирус жуктуруп каза тапкандардын жалпы саны 50 кишиге жетти. Ал эми соңку маалымат боюнча, дагы 269 кишиден COVID аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан дагы үч бейтап каза тапканын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында 54 жаштагы аял, Ош шаардык клиникалык ооруканасында 67 жаштагы эркек киши, жана Ош гуманитардык университетинин клиникасында 61 жаштагы эркек көз жумган. 

"Каза болуп калган адамдардын бирөө оор абалда түшкөн. Анын өзүнүн бир катар өнөкөт оорулары болгон. Базар, аптекаларга барып жүргөнүн айткан. Экинчи бейтап дагы ооруп үйдө жаткан экен. Анализ тапшырып, коронавирус табылган. Реанимацияда болчу. Үчүнчү адам 25-июнда оор абалда түшкөн. Анын дагы өзүнүн өнөкөт оорулары козголуп, каза болуп калды", — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын жалпы саны 50 кишиге жетти.

Соңку маалымат боюнча, 269 кишиден вирус чыгып, аны жуктуруп алгандардын жалпы саны 5 017 болду.