Бишкектин Тез жардам кызматына эки жыл токтоп турган 15 унаа кошулду. Сүрөт

Ишке чыкчу 15 автоунаа Саламаттык сактоо министрлигинин айрым кызматкерлерине карата иш козголгондугуна жана документтердеги көйгөйлөргө байланыштуу 2018-жылдан бери пайдаланылбай турган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бишкектин Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 унаа менен толукталды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Ага ылайык, биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков медициналык тез жардам унааларынын техникалык абалы менен таанышууга барган.

"Учурда мобилдик бригадалардын жетишсиздиги байкалууда. Интернет тармагында тез жардам бригадасы кеч келип, же таптакыр келбей жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр көп. Ошондуктан Тез жардам кызматынын унааларын көбөйтүү чечими кабыл алынды. Реанимациялык унаалар жасалма дем алдыруучу жана башка жабдуулар менен толук жабдылган, бул жеринде медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Бишкектин Тез жардам кызматына эки жыл токтоп турган 15 унаа кошулду. Сүрөт

Ишке чыкчу 15 автоунаа Саламаттык сактоо министрлигинин айрым кызматкерлерине карата иш козголгондугуна жана документтердеги көйгөйлөргө байланыштуу эки жылдан бери пайдаланылбай турган. Реанимациялык унаалардын жетишсиздигин эске алуу менен аларды линияга чыгаруу чечими кабыл алынган. Бул маселе укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен макулдашылганы айтылат, бирок иликтөө иштери улантыла бермекчи.

Бишкектин Тез жардам кызматына эки жыл токтоп турган 15 унаа кошулду. Сүрөт

Кыргызстанда коронавирустан улам 900дөй медик окутулуп, даярдалат

Ошондой эле Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет мобилдик бригадалар үчүн дагы беш унаа берген. Жыйынтыгында бүгүнкү күндөн тартып 118 жана 103 кызматтарына кошумча 20 тез жардам бригадасы чыкты.