Россия COVID-19га каршы дары жана тесттерди дүйнөлүк рынокко алып чыгууга даяр

Ушул тапта дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 9,9 миллионго чукулдады. Алардын ичинен 5 миллиону сакайса, 500 миңге чукул киши көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Россия коронавируска каршы дарыларды, тест-системаларды жана вакцинаны дүйнөлүк рынокко алып чыгууга даяр. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашкого шилтеме берип РИА Новости жазды.

Ал Россия пандемиянын алгачкы күндөрүнөн тарта Европа, Америка жана Азия өлкөлөрүнө жардам берип келе жатканын айтты.

"COVID-19дун экинчи толкуну божомолдонуп жатканын эске алган Россия дүйнөлүк рынокко коронавируска каршы дары-дармектерди, вакцина жана тест-системаларды алып чыгууга даяр экенин билдирет", — деди Мурашко.

Россия COVID-19га каршы вакцинаны кантип сынап жатат. Ыктыярчылар тартылган видео

Ушул тапта дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 9,9 миллионго чукулдады. Алардын ичинен 5 миллиону сакайып, дээрлик 500 миң киши көз жумду.