Чыныгы жетекчи болчу! Подполковник Олег Запольскийге жазылган ИИМдин некрологу

Кесиптештери Запольскийдин күжүрмөн тапшырмаларды аткарган иштерди мыкты уюштурууга жөндөмдүү, чыныгы жетекчи болчу деп сыпатташты.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Ички иштер министрлиги чоң жоготууга учурады. 39 жашында дүйнөдөн өткөн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Олег Запольскийдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы тараткан некрологдо айтылат.

Чыныгы жетекчи болчу! Подполковник Олег Запольскийге жазылган ИИМдин некрологу

Подполковник пневмония менен жабыркап ооруканага түшкөндөн кийин бир күн жатып, 27-июнда кечке жуук көз жумган.

"Олег Запольский жоопкерчиликтүү, тартиптүү, оор басырыктуу, ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу иштерин мыкты уюштурууга жөндөмдүү, чыныгы жетекчи болчу. Бүт өмүрүн жумушуна арнап, бардык күчүн жумшоо менен кызмат өтөп келди. ИИМдин жетекчилиги, Коллегиянын мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер органдарынын бардык өздүк курамы Олег Запольскийдин үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт", — деп жазылган таратылган билдирүүдө.

Олег Запольский 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1998-жылы мектепти аяктаган соң Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2003-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2004-жылы КР Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин түзүлгөндүгүнөн баштап кенже лейтенант наамында, жөнөкөй ыкчам кызматкер болуп кызмат өтөп баштаган.

2010-жылы КР Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча бөлүмүнө толук ыйгарымдуу ыкчам кызматкер болуп которулган. Эмгек жолунда кесиптештери менен Кыргызстандагы жана эл аралык деңгээлдеги туруктуу кылмыштуу топторду жана баңгизат сатуучуларды кармап, бир топ кылмыштардын бетин ачкан. Жасаган эмгектери үчүн Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын жана Жамааттык коргонуу келишим уюмунун (ЖККУ) медалдары жана артыкчылык белгилери менен сыйланган. 2014-жылы жеке ок атуучу курал менен сыйланган.

Ысымы тарыхта калат! Болот Шерге бийликтегилер тарабынан жазылган некролог

Запольский 2015-жылы Россия ИИМинин Башкаруу академиясынын ички иштер органдарынын ишин уюштуруу факультетине тапшырып, 2017-жылы экинчи жогорку билимге ээ болгон. Ушул эле жылы Олег Запольскийге милициянын подполковниги наамы ыйгарылган. 2019-жылдын январь айында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.