Айыккандар жуктургандарга караганда 8 эсе аз. COVID инфекциясынан 30 адам сакайды

Республика боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 4748ге жетти. Анын ичинен 2242 бейтап айыгып чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус жуктурган 30 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

Ооруну жеңип чыккандар өлкөнүн алты аймагынан катталды.

  • Бишкек шаары — 15;
  • Чүй облусу — 2;
  • Ош шаары — 1;
  • Ош облусу — 3;
  • Нарын облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 6.

Ушуну менен Республика боюнча 2242 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми коронавирус жуктургандардын жалпы саны 4748ге жетти. Илдеттин кесепетинен 47 адам каза тапты.