"Тоолук кыз" ырын жазган композитор Кубанычбек Осмонов дүйнө салды

Композитордун "Тоолук кыз", "Энекебай", "Мурункуңдай болбойсуңбу кайрадан", "Аталар" ырлары эл арасына кеңири жайылган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Белгилүү композитор жана музыка таануучу Кубанычбек Осмонов 70 жаш курагында ооруп, каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

"Тоолук кыз" ырын жазган композитор Кубанычбек Осмонов дүйнө салды

Осмонов Кыргызстан музыка ишмерлер союзунун төрагасы, 14 жылдан бери Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын директору болуп эмгектенип келген. 2005-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамын алган.

Кыргыз киносунун тирөөчү эле. Режиссёр Бакыт Карагуловго жазылган некролог

Ал көпчүлүктүн купулуна толгон бир нече чыгармаларга обон жараткан. "Тоолук кыз", "Энекебай", "Мурункуңдай болбойсуңбу кайрадан", "Аталар" ырлары элдик болуп ырдалып калган. Мындан сырткары хор жана симфониялык оркестр үчүн жазылган чыгармалары "Кыргыз радиосунун" Алтын казынасына жазылып, эртели-кеч эфирден уктурулуп келет.

Кубанычбек Осмонов 1950-жылы 14-мартта Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөн. 1995-жылдан Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун Радио жана телекөрсөтүү кафедрасынын доценти, 2002-жылдан баштап КТРКнын "Мурас" чыгармачылык бирикмесинин башкы редактору, 2004-жылдан КТРКнын Үн жазуу студиясынын директору болуп эмгектенген.