Үйдөн чыкпай тургула! Эртеңден тарта Бишкекти дезинфекциялоо башталат

Буга эпидемиялык абалдын начарлап кетиши жана Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти менен ӨКМдин шаардык башкармалыгынын сунуштары себеп болууда. Дезинфекциялоо иштери саат 9.00дөн 18.00гө чейин уланмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Эртеңден баштап Бишкек шаары күчөтүлгөн тартипте дезинфекциялана баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Буга эпидемиялык абалдын начарлап кетиши жана Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти менен ӨКМдин шаардык башкармалыгынын сунуштары себеп болууда. Дезинфекциялоо иштери саат 9.00дөн 18.00гө чейин уланмакчы. Эртең, 29-июнь күнү, Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки жерлердин ортосу дезинфекцияланат. Эркиндик бульвары, Эмен багы, Панфилов сейил багы жана башка коомдук жайлар вирустан тазаланмакчы.

Коронавирус чыккан 235 учурдун 98 пайызы байланышта болгондордон жуккан

Мэриядан кошумчалашкандай, Тез жардам кызматына жана 118 номерине чалгандардын саны ого эле көп, адистер жетишпей жатат. Мисалы, 118 кызматына буга чейин 380-400 киши чалып жатса, учурда бул көрсөткүч 700гө жетти.

Эске салсак, бүгүн вирус жуктургандардын жалпы саны Кыргызстан боюнча 4 748ге жетти. Алардын ичинен 1777си Бишкекте катталган.