Суук болот! Жекшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. 28-июнь, жекшемби күнү, региондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Талас жергесинде +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көл аймагында +15...+20 жана Нарында +14…+19 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +19...+21, Ош шаарында +23...+25 жана Чолпон-Атада +15...+17 градуска чейин жогорулайт.