Төшөк мамилесинен алыстап кеткен жубайлар кандай зыян тартат? Адистин кеңеши

Сексологдун айтымында, ар бир жубай жана ар бир адам үчүн төшөк кумарынын нормасы ар түрдүү болуп эсептелет. Ал адамдын активдүүлүгүнөн да көз каранды.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жубайлар интимдик катнаштын ортодогу тынымын айлап созбошу керек. Бул тууралуу дарыгер-сексолог, психотерапевт Евгений Кульгавчук билдиргенин РИА Новости жазды.

Дарыгер-сексолог жубайлар интимдик катнаштан бир күнгө же бир жумага эс алса болорун айткан. Ал эми узакка созулган тыным эркектерге да, аялдарга да пайда алып келбей турганын кошумчалаган.

"Жубайлар айлап төшөк кумарына батпай калса экөөнүн тең организми өзгөрүүгө учурайт. Канчалык аз болсо, интимдик катнаш ошончо бат бүтө баштайт. Эмоционалдык ажырым пайда болот", — деди дарыгер.

Дарыгер ар дайым интимдик байланышта болуп турган адамдын иммунитети жогору болорун айткан.

Төшөк кумары кандай адамдар үчүн кооптуу? Иликтөө

"Төшөк кумарына баткан адам оорубайт деп айтуудан алысмын. Бирок ичимдик, чылымдан баш тартып, төшөк кумарына батып турса организмдин коргонуусу бекемирээк болот", — деген сексолог.

Евгений Кульгавчук ар бир жубай жана ар бир адам үчүн төшөк кумарынын нормасы ар түрдүү болуп эсептелерин, ал адамдын активдүүлүгүнөн да көз каранды экенин кошумчалаган.