Өзгөчө абал учурунда иштеген милиционерлерге 218 миллион сом каралды

Буга чейин Бишкектеги милиционерлер өзгөчө абал учурунда берилүүчү акчалардын төлөнбөгөндүгүнө нааразы болуп жатат деген сөздөр айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Өкмөттүн буйругуна ылайык, өзгөчө абал режими учурунда иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акча төлөөгө 218 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтында кабарланды.

"Финансы министрлиги аталган буйрукту аткаруу үчүн ушул жылдын 25-июнунда Ички иштер министрлигинин системасына жалпысынан 218 миллион сом бөлдү. Анын ичинен 209 миллион сому Ички иштер министрлигине, 9 миллион сому ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясына каралды", — деп жазылган маалыматта.

Министрлик: COVID-19 жуктурган тартип коргоо кызматкерлери Бишкекте көп катталды

Эске салсак, буга чейин интернетте Бишкектеги милиционерлер өзгөчө абал учурунда берилүүчү акчалардын төлөнбөгөндүгүнө нааразы болушууда деген сөздөр айтылган. Төрт райондун участкалык милиционерлери ишке чыкпай коюу ниетинде деген маалымат тарап, бирок ШИИБ аны четке каккан.