БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бүгүн Мосвкадан Ош шаарына 326 мекендеш учуп келди. Анын 41и эки жашка чейинки наристе. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мекендештер "Аэрофлот — Россия аба жолдору" авиакомпаниясынын "Москва — Бишкек" чартердик каттамы менен алып келинген.
Студенттер, кош бойлуулар, оорулуулар. Якутиядан Бишкекке 170 киши кайтты
"Сырттан кайткан кыргыз жарандарынын ичинде ай-күнүнө жетип калган кош бойлуу жана балдары бар аялдар, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу мекенге тезирээк келүүгө муктаж болгондор бар", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанга келген мекендештердин баары медициналык кароодон өтүш үчүн обсервацияга жайгаштырылары кошумчаланды.