Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Видео

Окуянын күбөсү өрт чыкканы тууралуу болжол менен саат 23.15те билдирди. Анын айтымында, подъезддеги щиттер күйүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкекте Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу кырсыкка күбө болгон адам кабарлады.

ӨКМ бул маалыматты тастыктап, аталган көчөдөгү №214 турак үйдүн электр калканынан өрт чыкканын билдирди. Өрттү өчүрүүгө саат 23.21де бир бөлүм жөнөп кеткен. 

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Видео

Министрлик кошумча маалымат берилерин белгиледи.