Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Запольский каза болду

Олег Запольский 1981-жылы Бишкекте төрөлгөн. 2004-жылы Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча агенттикте иштей баштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Олег Запольский каза болгонун министрлик билдирди.

Өлүмүнүн чоо-жайы такталып жатат.

Олег Запольский 1981-жылы Бишкекте төрөлгөн. 2003-жылы Кыргыз-россия славян университетинин юридика факультетин аяктап, кийинки жылдан тарта эле Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча агенттикте иштей баштаган. Былтыр январдан баштап Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болеп иштей баштаган.

Маркумдун ата-энеси Виктор Запольский менен Светлана Красильникова "Дело №..." гезитинин негиздөөчүлөрү.