БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Россия келерки жылы эмгек визасы менен кирип иштеген мигранттардын санын 40 миңге кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу мыйзам долбоору нормативдик-укуктук актылар боюнча федералдык порталда жарыяланды.
РФте миграциялык каттоого 15-сентябрга чейин баш оорутмай жок. Маанилүү кабар
2020-жылы Россия эмгек визасы аркылуу иштөөгө 144 миң адамга уруксат берсе, 2021-жылы бул көрсөткүч 104 миңге гана жетти.
- Жумушчулар кыскартыла турган тармактар:
- курулуш;
- токой чарба, отун даярдоо жана жер-жемиш өстүрүү;
- ичимдик жана чылым саткан дүкөндөрдө иштөө;
- жүргүнчү жана жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары;
- имараттарды жана аймактарды тейлөө;
- соода-сатык, дарыкана тармактарында.
"Бирок бул чектөөлөр бардык мигранттарга бирдей тиешелүү эмес. Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Армения, Молдова, Казакстан сыяктуу визасыз өлкөлөрдөн кирген мигранттар мурдагыдай тартипте иштей алат", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясынан улам айрым кыргызстандык мигранттар Россиядан мекенине кайтып келүүгө аргасыз болууда.