БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Акыркы суткада өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен 50 бейтап айыгып, стационардан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
"Айыккандардын 21и Бишкектен, 17си Чүйдөн, экөө Ош облусунан жана 10у Жалал-Абаддан", — деди Каратаев.
Ушуну менен Кыргызстанда айыккандардын жалпы саны 2 162 болду.
Бишкекке келип убара болбогула! Дем алыш күндөрү коомдук транспорт токтойт
Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram каналыбыздан таанышып туруңуздар.