Коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 669га жетти

Сутка ичинде оору жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталган. Ошол эле учурда жети ак халатчан ооруну жеңип, стационардан чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 21 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ооруга кабылгандардын жетөө Бишкектен, үчөө Ош шаарынан, бирөө Ош облусунан, тогузу Чүй облусунан жана бирөө Талас облусунан болду.

Бир суткада 50 адам коронавирусту жеңип, үйүнө чыгарылды

Ал эми стационарлардан сутка ичинде жети медкызматкер айыгып чыккан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ак халатчандар арасында 669 учур катталды. Алардын ичинен 403ү дартты жеңген.

4 000ден ашты! Бүгүн өлкөдө дагы 250 адам коронавирус жуктуруп алды

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram каналыбыздан таанышып туруңуздар.