Министрлик: COVID жуктургандарга ооруканада дагы 335 орун даярдалды

Жаңы ишке берилген орундарга Бишкек шаары боюнча Тез жардам кызматы аркылуу келгендер жаткырылып, дарыланмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бүгүндөн баштап коронавирус жуктургандарды дарылоо үчүн Курортология жана калыбына келтирип дарылоо боюнча илим-изилдөө институтунда 335 койка даярдалып, ишке берилди. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Модератор ага "вирус жуктургандар көбөйүп бара жатат, ооруканаларда орундар жетиштүүбү" деген суроо берди.

Коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 669га жетти

“Зарыл учурда орун жетиштүү болсун деп Курортология жана калыбына келтирип дарылоо боюнча илим-изилдөө институтунда 335 койканы ишке бердик. Ал жакка Тез жардам кызматы аркылуу келгендер жаткырылат”, — деди Каратаев.

Мындан ташкары, ал Бишкектин кайсы ооруканалары коронавирус жуктургандарды кабыл аларын жана канча орун бар экенин да эске сала кетти. Маалыматка ылайык, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында 204 койка, Кыргыз-түрк достук ооруканасында 71 койка, №6 шаардык клиникалык ооруканада 60 орун бар.

ДССУ: Кыргызстан баш болгон 11 өлкөдөгү абал пандемияны ого бетер күчөтүүдө

Өлкөдө COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 4 204кө жетти. Анын ичинен 2 162си айыгып чыкса, тилекке каршы, оорудан 43 киши каза тапты.