Кыргызстанда карантин маалында кадыры арткан кесиптер. Сереп

Быйылкы көктөмдө коронавирус кырдаалынан улам кыргызстандыктардын арбыны жумушсуз калды. Пандемия өлкөбүздөгү эмгек рыногуна кандай таасир этти, кайсы адистиктерге талап күч алды? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын макаласынан окуңуздар.
Sputnik

Коронавирус Кыргызстанда алгач ирет 18-мартта катталды. Бир нече күн өтпөй өлкөдө өзгөчө абал башталып, ал эми 25-марттан тарта республиканын айрым бөлүктөрүнө, анын ичинде Бишкекке өзгөчө кырдаал киргизилген. Андай режим 10-майга дейре уланды.

Бул мезгилде ишкана жана уюмдардын көбү ишмердигин токтотуп, кызматкерлерин аралыктан иштөөгө же эмгек (айрымдары акы төлөнбөгөн) өргүүсүнө чыгарган. Май айында компаниялардын басымдуу бөлүгү ишке чыкты, соода борборлору ачылды, көчөлөрдө коомдук транспорт кайрадан жүрө баштады. Бирок айрым чектөөлөр азыр да күчүндө, мисалы, массалык иш-чараларга дале тыюу салынат.

Тамадалар таксистке айланып, тойлор токтоду. Карантиндин кейиткен кесепети жөнүндө

Ал ортодо өлкөдө коронавирус табылган бейтаптардын саны боюнча кезектеги антирекорд катталды. Жети күн ичинде бул көрсөткүч бир нече ирет 200дөн ашты. Мындан улам COVID менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдагылар кайрадан кескин чараларды көрүүнү да талкуулоого киришти.

Sputnik Кыргызстан өзгөчө кырдаал убагындагы чектөөлөр эмгек рыногуна кандай таасир эткенин билип көрдү.

Кыргызстанда карантин маалында кадыры арткан кесиптер. Сереп

Иш берүүчүлөр кимдерге муктаж болду?

Эмгек рыногунда газ ширетүүчүлөр, чачтарач, компьютер операторлору, бухгалтер, ашпозчу, тигүү тармагындагылар жана тикмечилер, офис-менеджерлери, электр монтаждоочулар жана айдоочуларга алигүнчө талап күч. Калкты иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздарды дал ушул адистиктерге окутушат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү порталында ушундай маалыматтар камтылат. Жарыяланган бош орундардын саны 1-июнга карата 8 миңди түзгөн, анын ичинде жумушчу адистиктер да бар. Бир орунду алууга 44 киши ат салышкан. Анткен менен 2 миңден ашуун жумуш ордуна талап жок.

Кыргызстандагы бизнес кризиске туруштук бере алабы? Ишкерлердин ачык пикири

lalafo.kg жарыялар сервисинде марттан тарта май айына чейин иш ээлери тармактык маркетинг, IT-технология жана байланыш, ошондой эле курулуш жаатындагы адистерди активдүү издешкен. Талап кылынган адистиктердин төртүнчү сабында маркетолог жана башка кеңсе кызматкерлери болсо, ошондой эле call-борборлордун операторлору бешинчи сапка илинген.

Мындан сырткары, өзгөчө кырдаал кезинде кыргызстандыктар активдүү түрдө ашпозчу жана үй жардамчыларын, кампаларга, ошондой эле ар кыл майда-барат жумуш аткаруучуларды да көп караштырган. Жарыялардын санына карап эсептесек, сатуучу-консультанттар, ошондой эле соода-сатыкка байланыштуу иштер тогузунчу орунга чыккан. Онунчу сапта деле соодага байланыштуу башка жумуш турат.

Апрель жана май айында Employment.kg сайтына жумуш берүүчүлөр январь, февраль айларына караганда эки эсе аз жарыя беришкен. Бул туурасында порталдын маалыматтарында айтылат. Жумуш издөөчүлөр да резюмелерин адаттагыдан аз жарыялашты. Эгер коронавирус пандемиясына чейин аталган сервис айына 280 чакты анкета алып жүрүшсө, апрелде бул көрсөткүч 84кө түштү. Май айында иш издегендер жанданып, 120 резюме жайгаштырышкан.

Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт

Аталган сайттын маалыматына таянсак, эмгек рыногундагы жалпы суроо-талаптын ылдыйлаганы менен маалыматтык технология жана телекоммуникация тармагындагы иштерге талап биринчилерден болуп калыбына келди. Май айында бул тармакта жарыяланган вакансиялардын саны февралдагы көрсөткүчтөргө теңделди. Ушундай эле көрүнүш курулуш жана кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө да байкалат. Апрелдеги андай көрсөткүчтөн кийин иш ээлери эми ушул багыттарда адистерди издеп киришти.

Туристтик сектордо абал тескерисинче, бул багыттагы адистиктерге болгон суроо-талап февралда төмөндөгөн боюнча май айында да жогорулаган жок. Мейманкана-ресторандык бизнес да ушундай эле абалда. Апрель жана май айында да иш ээлери белгилүү себептер менен бул багыттагы адистерди издөө боюнча бир дагы жарыя беришкен эмес. Жогорку менеджмент чөйрөсү да ушундай абалга кептелди.

Кыргызстанда карантин маалында кадыры арткан кесиптер. Сереп

Кыргызстандыктар кандай жумуштарды издешти?

Өзгөчө кырдаал маалында lalafo.kg сайтынын колдонуучулары көбүнчө тигүү тармагында иш издешкен. Тизменин экинчи сабында дизайнерлер, оператор жана аралыктан иштей ала турган адистер турат. Үчүнчү сапка ашпозчулар чыкты.

Ошондой эле көп каралган жарыялардын алдыңкы он сабында майда-барат иш аткаруучулар, айдоочулар (курьер, ошондой эле экспедиторлор катары да), окутуучулар (мугалим, тарбиячы жана репетиторлор), ошондой эле автобизнес жана автосервис тармагындагы кызматкерлер да бар. Кыргызстандыктар үй жана административдик персоналды издөөгө да кызыгышкан. Бул тармактар аталган сервистин колдонуучулары тарабынан көп каралган багыттардын катарында.

Кыргызстанда карантин маалында кадыры арткан кесиптер. Сереп

Эксперт эмне дейт?

Соңку айларда ишкерлердин көпчүлүгү кызматкерлеринин санын кыскартууга барганын айтат Иш берүүчүлөрдүн улуттук конфедерациясынын башкаруучулугунун төрайымы Элмира Дунганаева. Анын айтымында, ишкерлер кайра окуп, каатчылыктан чыгуунун альтернативдик варианттарын издөөгө аргасыз.

"Коронавирус жергиликтүү бизнести алсыратты, ошондуктан иш ээлеринин көбү штатты кыскартууга мажбур. Айрымдар эбин таап жатканы менен бир топ убара тартышууда. Жаңы долбоорлорго акча салуу ушул тапта опурталдуу, анткени жагдай кандай болуп кетерин алдын ала болжоп болбойт. Ишкерлер атаандаштарынан озуп чыгуу үчүн жаңы жөндөм, жаңы багыттарды өздөштүрүүгө аргасыз болору турган иш", — дейт ал.

Дунганаеванын пикиринде, жумушсуз калган адамдар да рынокту тыкыр изилдөө менен жаңы кесиптерди үйрөнүп, жаңы багыттарды издөөгө тийиш.

Карантинден кийин ишкерликтин кайсы тармагы бүк түшөт? Адистердин пикири

"Азыр көптөгөн кыргызстандыктар таксист жана курьер катары акча табууда, себеби бул вакансияларга талап бар. Аралыктан иштөөгө мүмкүн болгон адистиктер да бар, бирок онлайн-бизнесте башка багыттардай эле оорчулугу бар. Анан калса, азыр рынокто атаандаштык кыйла күчөдү, алдыга жылыш мурдагыдан да кыйындады", — деген пикирин билдирди биздин маектеш.

"Кайсы багытка суроо-талап күч аларын жоромолдоого болбойт, ошондуктан кандай чечим кабыл албаңыз, анын алдында рынокту, анын муктаждыктарын кылдат изилдеңиз. Анан да өз ишиңизди, ошондой эле адис катары өзүңүздү да өнүктүрүүдөн күч аябаңыз", – деп жыйынтыктайт Дунганаева.