БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол кырсыгынан каза болгон киши автоунааны айдай качканы аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 26-июнь күнү саат 3:03төр чамасында Audi-A6 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Каракол-Пристань шаарчасын көздөй бара жатып, рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болуп, 18 жаштагы жигит оор жаракат алган.
Ага ылайык, окуя болгон жерге милициянын ыкчам тергөө тобу барып кырсыктын чоо-жайын териштирген.
"26-июнда болжол менен саат 02:30 чамаларында Каракол шаарынын 22 жаштагы тургуну 18 жаштагы таанышы менен шаардагы №23 ЖАМК имаратынын алдында токтоп турган Audi-A6 үлгүсүндөгү автоунааны айдап качып кетишкен. Бирок айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип, кырсыктап каза болгон. Жанындагы шериги ооруканада",— деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Каракол ШИИБинин Кылмыш жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалганы айтылды.
Бишкекте кырсыкка кабылган бус капталына оодарылып калды. Видео
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында уурдалган автоунаанын ээси табылган. Ал Жети-Өгүз районунун Аӊ-Өстөн айылынын 31 жаштагы тургуну болуп чыгып, андан арыз алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.