Москвадан кайткан делегациянын вирус жуктурган мүчөлөрү ооруканага түштү

Москвадагы парадга катышуу үчүн барган КР делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус аныкталгандыктан, президент иш-чарага катышпай эле коюуну чечкен. Делегация кечинде Бишкекке кайтып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кечээ Москва шаарынан келген кыргызстандык делегациянын ичинен коронавирус аныкталган эки адам Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасына жаткырылды. Калгандары үч күндүк обочолонууда. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

“Инкубациялык учур 14 күн, делегация мүчөлөрү үч күндөн кийин анализ тапшырат, таза чыкса иштей беришет”, — деди Каратаев.

Ак үй карантинге жабылабы? Министрликтин жообу
Кечээ, 24-июнда, Москвадагы парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус аныкталгандыктан, президент Сооронбай Жээнбеков иш-чарага катышпай эле коюуну чечкен. COVID-19 аныкталгандар президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана күзөт кызматынын кызматкери болуп чыкты.

Ошол эле күнү кечинде делегация Кыргызстанга кайтып келип, тиешелүү анализдерди тапшырган.