БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik, Мария Науменко. КМШ иштери, чет жакта жашаган мекендештер жана гуманитардык кызматташуу боюнча федералдык агенттикти (Росскызматташтык) көп жаңы нерселер күтүп турат деди Sputnik агенттигине аталган ведомствонун жетекчиси Евгений Примаков.
Россия президенти Владимир Путин Примаковду дайындоо боюнча Жарлыкка кол койгон.
Анын айтымына караганда, россиялык ведомствонун ишинин майнаптуулугу артып, бедели жогорулайт. 26-июнь күнү ал РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавров менен жолукмакчы.
"Агенттиктеги көйгөйлөр, анын ар кыл себептерден улам болгон беделинен тарта анын ишине берилген баа боюнча баары эле угуп бүткөн. Бул кызматка макул болгонумдун себеби агенттиктин ишин кантип алып баруу керектигин билем", - деген Примаков.
Ал Росскызматташтыкты көп өзгөрүүлөр күтүп тургандыгын, бирок аларды азыр ачыктабастыгын айткан.
Евгений Примаков — эл аралык журналист, көп жыл бою Евгений Сандро деп аталган каймана ат менен иштеп келген. 2018-жылы РФ президенттигине талапкер болгон Владимир Путиндин ишенимдүү адамы катары иштеген.
Уюмдун сайтынын маалыматына караганда, аталган федералдык агенттиктин учурда 80 өлкөдө 97 өкүлчүлүгү бар. Буга чейин ведомствону Элеонора Митрофанова жетектеп келген.