Улуу Жеңиштин урматына Москвада атылган салюттун видеосу

Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата салют атылды. Көздүн жоосун алган керемет көрүнүш дээрлик 15 мүнөткө чейин созулган.
Sputnik

Маршал Владимир Михалкин атындагы гвардиялык салют дивизиону 10 миң ирет атканын РИА Новости жазды.

Бул жылы коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтө турган иш-чаралардын бардыгы кийинкиге, тагыраагы, 24-июнга жылдырылган. Жеңиш майрамы кечээ, 24-июнда, Москва шаарында салтанаттуу түрдө белгиленди.