БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкекте 118 кызматында операторлордун саны жана мобилдик топтор көбөйтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, учурда борбор калаада колл-борбордун 14 линиясы жана 40 мобилдик топ иштеп жатат. Жыйында биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков башка аймактарда дагы мобилдик топторду көбөйтүү зарылчылыгын белгилеген.
"Жарандарда COVID-19дун белгилери пайда болгон учурда эмне кылуу керектигин түшүндүрүү үчүн кошумча адистерди тартуу керек. Эл адистердин кеңешин тез арада алууга муктаж. Ошондуктан облустардагы колл-борбордун операторлору менен мобилдик топторду көбөйтүү зарыл. Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал начарлап жаткандыгына байланыштуу, дагы кошумча линиялар менен мобилдик топторду ишке тартыш керек", — деди Баатырбеков.
Жыйында коронавирус жуктуруп алгандар көбөйүп жаткан Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош облустарында базар, коомдук тамактануучу жайлар менен коомдук транспортту катуу көзөмөлдөө керектиги айтылды.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарында ушул аптанын ишемби (түштөн баштап) жана жекшемби (толугу менен) күндөрү коомдук транспорт жүрбөйт.