БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Республикада эпидемиологиялык абал начарлап жаткандыгына байланыштуу мамлекеттик кызматкерлерди аралыктан иштөө режимине өткөрүү керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков Республикалык штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ал аралыктан иштөө мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши керектигин баса белгилеген.
"Кеңселерде саналуу гана кызматкер иштеп, имараттардын ичинде санитардык нормалар тийиштүү деңгээлде сакталууга тийиш", — деди Баатырбеков.
Биринчи вице-премьер мамлекеттик органдар аралыктан иштөөгө өтүп жаткандыктан, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча жумуштарды күчөтүү керектигин да айтты.
Кыргызстанда бир суткада 228 адамдан коронавирус чыгып, жалпы жуктургандар 3 954кө жетти. Анын ичинен 2 112си айыгып, 43 адам каза болду.
Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram каналыбыздан таанышып туруңуздар.