Кыргызстанда автону ортомчу аркылуу каттатууга тыюу салынды

Мамкаттоо кызматы акыркы жылдары автоунааны каттоо учурунда айрым адамдар кошумча төлөм алып, "ортомчулук кызмат" көрсөтүп жүрүшкөнүн айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааны сатып алуу жана сатуунун эрежелерин жана аны каттатуу шарттарын өзгөрттү.

Тез арада паспорт жасатуу үчүн канча акча керек? Каттоо кызматынын жообу
Ведомстводон билдиришкендей, мындан ары автотранспортту каттатуу жана кайра каттоо иштери менен мүлктүн мыйзамдуу ээси же анын расмий өкүлү гана алектене алат.

Маалыматка караганда, акыркы жылдары автоунааны каттоо учурунда айрым адамдар кошумча төлөм алып "ортомчулук кызмат" көрсөтүп жүрүшөт.

Ошол себептүү эми автону каттатуу же кайра каттоо үчүн документтерди мүлк ээсинен же анын расмий өкүлүнөн гана кабыл алуу чечими чыгарылды.