Банк, дүкөндөрдү тоногон. Бишкекте былтыртан бери изделген эки шектүү кармалды

Бардык фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Экөө тең Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектик Криминалдык милиция кызматы банк, акча алмыштыруу жайлары жана дүкөндөрдү тоноого шектүү катары уюшкан кылмыштуу топту колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Милиция былтыртан бери издеп жүргөн шектүүлөрдүн изине түшүп, ИИМдин спецназынын жардамы менен 45 жна 37 жаштагы эки жаранды кармады. Экөө тең Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Шектүүлөр жашаган жерди тинтүүдө эки курал жана спорттук кийимдер табылган.

Кармалгандар кайсы кылмыштарга шектелип жатат:

  • 2019-жылдын 9-сентябрында 25-30 жаштагы эркектер Киев көчөсүндөгү "Престиж" акча алмаштыруу бюросуна куралчан кирип, 70 миң сом алып кетишкен. Андагы кызматкер жаракат алган;
  • 2019-жылдын 7-ноябрында 30-35 жаштагы эркектер Москва көчөсүндөгү "Мебель-Малайзия" эмерек дүкөнүнө киришкен, ал жерде кызматкерлерди коркутуу жолу менен 60 миң сом алып кеткен;
  • 2019-жылдын 26-ноябрында 30-35 жаштагы эркектер 6-кичи райондогу "ЭкоИсламикБанк" сактык кассасына куралчан кирип, 1 миллион 536 миң 365 сом алып чыгышкан.
  • 2020-жылдын 19-январында 25-30 жаштагы эркектер Москва көчөсүндөгү "Сенсон-Гранд" акча алмаштыруу жайына кирип, кызматкерлерди курал менен коркутуп 3 миллион 784 миң 546 сом алышкан.

2020-жылдын 12-июнунда 30-35 жаштагы эркектер Манас проспектинде жайгашкан "Керемет Банктын" имаратына кирип барып, күзөтчү менен кассирди коркутуп 1 миллион 120 миң сом алышкан.

Бардык фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.