Тумоолоп жаткандын баарыныкы коронавирус! Бишкек бийлиги элге кайрылды

Бүгүн Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны 1 547ге жетти. Жергиликтүү бийлик коомдук транспорттун ишине чектөө киргизмекчи.
Sputnik

БИШКЕК, 25 июн — Sputnik. Учурда сасык тумоо сыяктуу ооруп жаткандардын баары коронавирус. Мындай пикирин брифинг учурунда Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев айтты.

"Жайкысын качан грипп болчу эле, бул коронавирус. Шаарда вирус бардык жерде жүрөт. Бүгүн эле ооругандардын саны 100дөн ашты. Сак болгула", — деди Түлөбаев.

Мындан тышкары, ал шаардыктарга кайрылып, алдыдагы күндөрү өтө зарыл болбосо сыртка чыкпай эле коюуну жана коргонуучу каражаттарды колдонуу зарылдыгын эскертти.

Бүгүн Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны 1 547ге жетти.