БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Австралиялык София Марроквин аттуу кыздын сүрөтү соцтармак колдонуучуларды таң калтырды. Себеби анын бети операциядан кийин төрт бурчтуу болуп өзгөрүп кеткен. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 19 жаштагы кыз өзүнө чоң көрүнгөн ээгине операция жасатууну чечкен. Сайылган препарат майды эритип, андан кийин организмден табигый жол менен чыгып кетмек.
"Мен болгону ээгим жакшыраак көрүнсүн деп, ушул жердеги майды эле алдырып салгым келген. Ошол эле", — деп айткан кыз.
Бирок Марроквин дарыгердин бөлмөсүнөн чыгары менен бетинин формасы өзгөрүп, төрт бурчтуу болуп калган. Дарыгерлер шишик бара-бара тарап, кыздын бети мурдагы формасына келерин айтып, ага бир нече жума керектелерин да эскертишкен.
Марроквиндин бул кебетесин биринчи атасы көрүп аябай таң калган. Апасы да көргөн көзүнө ишенген эмес. Бир тууганы чочуп кеткенинен эч нерсе дей албай башка бөлмөгө чыга качкан.
Аталган ролик соцтармакка тарап, аны 3,6 миллион киши жактырган. Ал эми София Британия басылмаларында "жылдыз" болгону тууралуу кийинки видеосунда айтып берген.