Ак үй карантинге жабылабы? Министрликтин жообу

Кыргызстанда акыркы суткада 228 адамдан коронавирус чыгып, жалпы жуктургандар 3 954кө жетти. Анын ичинен 2 112си айыгып, 43 адам каза болду.
Sputnik

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Ак үйдү карантинге жабуу маселеси бүгүн пленардык жыйында талкууланат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Брифингде модератор Каратаевге "Ак үй карантинге жабылабы?" деген суроону узаткан.

"Ак үйдү карантинге жабуу маселесин талкуулоо үчүн эпидемиологдордун катышуусунда пленардык жыйын болот. Алар кырдаалды иликтеп туруп бир чечим кабыл алышат", — деди Каратаев.

Кыргызстанда акыркы суткада 228 адамдан коронавирус чыгып, жалпы жуктургандар 3 954кө жетти. Анын ичинен 2 112си айыгып, 43 адам каза болду.

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар жана акыркы маалыматтар менен Telegram-каналыбыздан таанышып туруңуздар.