Казакстан: айылды аралап жай баракат жүргөн арстандын видеосу

Инспекторлор жырткычты кармаган. Учурда полиция жаныбардын ээн-эркин кантип басып кеткендигин териштирип жатат.
Sputnik

Казакстандын Маңгыстау облусуна караштуу Акшүкүр айылында көчө аралап жүргөн арстанды жергиликтүү жашоочулар видеого тартып алышкан. Анда жырткыч жай баракат басып баратат. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

"Жигиттер, арстан жүрөт, арстан. Абайлагыла", — деп окуяны видеого тартып жаткан киши сүйлөп жатат.

Арстанды сылаган турист өкүнүп кала жаздады. Видео
Маңгыстау облусунун полициясынан бул окуя бүгүн, 25-июнда, болжол менен саат 05:30да болгондугун айтышкан.

"Маалымат түшкөндөн соң тиешелүү адистер жана Кайгуул полициясындагы батальон кызматкерлери барып, арстанды кармаган", — деп жазылат маалыматта.

Инспекторлор жырткычтын аман-эсен экендигин айтышты. Адамдарга кол салганы боюнча да маалымат түшкөн эмес.